Садыр Жапаров митингге чыккандарды «жалган баатырлар» деп атады

«Баткенге биз баралы» деген «жалган баатырларыбызды» өзүңүздөр көрдүңүздөр го. «Баткенге барсаң, мына сага унаа, жөнө» деп унаа коюп бергенде бирөөсү да олтурган жок. Эгер чыныгы мекенчил болсо, баатыр болсо Ак үйдүн алдына кыйкырып келбей, түз эле Баткенге кете бермек. Бул тууралуу Садыр Жапаров митингге чыккандар тууралуу суроого жооп берип жатып билдирди.

«Учурдан пайдаланып ушундай «жалган патриотторго» айтып коеюн. Азырынча армиянын, күч түзүмдөрүнүн күч-кубаты жетиштүү. Эгер армиябыздын күчү жетпей баратса, силерди митингге чыгарып убара кылбай эле жылуу төшөктө жаткан жериңерден сууруп чыгып кетебиз. Бул – мамлекеттин толук укугу. Ошондо чыныгы мекенчил экениңер көрүнөт. Бирок Кудай ага жеткирбесин деп тилейли.

Ошону менен бирге жөнөкөй жарандарыбызга кайрылып кетейин. Агрессия башталганда «эвакуацияга чыккыла» дегенде, бириң калбай чыгып кетишиңер керек. Чек арачылар жана аскер адамдары гана калыш керек. Былтыр бизге Башкы суу бөлүштүрүүчү жайга кол салуу болгондо, Баткенден жөнөкөй жаштарыбыз барып, таш ыргыта башташкан. «Баары кайтсын, аскер адамдарыбызга тоскоол болуп жатасыңар!» деп буйрук бергенимде укпай коюшкан. 17 киши бир эле жерден гранатометтун жарылуусунан каза болуп калышты. Жалаң жаш балдар», — деди ал.