Садыр Жапаров Москвадан Бишкекке кайтып келди

Президент Садыр Жапаровдун 7-9-майда Орусияга болгон иш сапары аяктады.

8-майда Москвадагы Чоң Кремль сарайында Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге кол коюлган күндүн он жылдыгына карата өткөрүлгөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) мааракелик жыйынына катышты. Өлкө башчысы 9-майда иш сапарынын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына карата аскердик парадга катышты. Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, 9-майда Бишкекке кайтып келди.