Садыр Жапаров Москвага бара турган иш сапарынан улам обочолонуу режимине өттү

Президент Садыр Жапаров Москвага бара турган иш сапарынын алдында обочолонууга алынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

«Азыр президент аралыктан иштеп обочолонууда. Сапар абдан олуттуу, мурунку өлкө башчысынын окуясы кайталанбасын дедик. Бардык тийиштүү чаралар көрүлүп жатат», — дешти алар.

Жапаров Орусиянын борбор шаарына 24-25-февраль күндөрү барат.

2020-жылы Москвага Жеңиш парадына чакырылган Сооронбай Жээнбеков иш-чарага катышпай, кайтып келген эле. Ага делегация мүчөлөрүнүн биринен коронавирус илдети аныкталганы себеп болгон.