Садыр Жапаров муфтий Замир Ракиев менен жолукту. Эмнелер талкууланды?

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-сентябрда Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчысы Кыргызстан светтик, көп конфессиялуу өлкө экенин, анын калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзөрүн белгиледи. «Ислам дини толеранттуулукка, сабырдуулукка, айкөлдүккө чакырат. Бул багытта Кыргызстан мусулмандар дин башкармылыгынын ролу өтө чоң. Мына ушул жаатта башка жамааттардын башын бириктирип, аалымдар жана казылар менен бирге иш алып баруу зарыл», — деди президент. Коркунучтардын алдын алуу үчүн диний билим берүүнүн сапатын жакшыртып, жогорку билимдүү кадрларды даярдоо зарылдыгына өзгөчө токтолду.

Өз кезегинде муфтий Замир Ракиев мамлекет башчысынын диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу керектиги тууралуу пикирин колдоду. Анткени дал ушул сабатсыз пропагандисттердин айынан карапайым калк исламда болбогон, бурмаланган же туура эмес идеяларды өздөрүнө сиңирип алышууда. Анын айтымында, учурда республикада 100дөн ашык диний билим берүү мекемеси иштейт. Муфтий экстремизмге каршы турууга, конфессиялар ортосунда тынчтыкты жана ынтымакты сактоого, этникалык жана диний араздашууга жол бербөөгө салым кошо турган руханий агартуунун олуттуу бөлүгү катары кызмат кыла турган Ислам академиясын куруунун маанисин белгиледи.