Садыр Жапаров: «Мурда сабаттуулар берип жиберген жерди бүгүн сабатсыздар кайтарып жатабыз»

Бүгүн, 17-ноябрдагы кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маселелер каралып жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров процедуралык микрофондо сөз сүйлөп, спикерге кайрылды.

«Сиз депутаттардын абийирине шек келтирилип жатканда регламент боюнча тыйып коюуңузду суранам. Бул бир. Экинчиден, мен колум менен сизди далилдеп бериңиз деп жатам. Мен кайрылдым фракциянын 10 мүнөтүндө сүйлөйм деп жатам. Кээ бир жактарга кол көрсөтүп сүйлөгөндүн өзү кол үчүн арам болуп калат. Мен кол көтөрүп, 10 мүнөтүм бар ошондо сүйлөйм деп жатам. Бардык нерседен кара нерсени көрбөгүлө. Чочулабагыла көп. Бардык нерсе өтөт, убактылуу», — деди ал.

«Биз сизден чочулабайбыз. Чочуласак, башкача кылмакпыз. Мамлекеттик ишмер, депутат катары кайрылып жатабыз. Чочулагыдай сиз кимсиз? Бөкөчөсүзбү? Сиз коркпоңуз. Мамлекеттик деңгээлде гана ишти аткарабыз», — деди Ташиев. 

«Мен спикер сизге бердим суроону. Түшүндүрмө берип койсоңуз», — деди.

Спикер 10 мүнөт берүү үчүн добуш берүү керектигин айтты. Фракция мөөнөтү жыйындын акырында берилмей болду.

Президент Садыр Жапаров да сөз алып, Адахан Мадумаровго кайрылып, юстиция министрине «сабатсыз» деп айтканына жооп кайтарды. «Бул сиздин сүймөнчүк сөзүңүз да. Бул министрдин сабаттуулугу жагынан сизден кем калбайт. Ашса ашып кетет. Мына 3 тилде сүйлөйт. «Кумтөрдү» алууда опол тоодой чоң салым кошкон. Түнкү саат 3тө ойготуп сурасаңыз, мыйзамдарды айтып берет. Мурда сабаттуулар берип жибергенген жерлерди, бүгүн сабатсыздар кайтарып алып келип жатабыз. Сиз берип жиберген Төрт-Көчө боюнча протоколго кол койгон. «Мыйзамсыз, дааратканага барып коюш керек» деп жатпайсызбы. Бирок тиги тарап барбайт экен. Анан бири-бирибизди жөн эле дайыны жок күнөөлөй бербейли. Көрүп жүрөбүз сабаттуулардын кылган ишин», — деди Жапаров.