Садыр Жапаров Мыкан айылындагы мектептин ачылыш аземине катышты (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда Чүй облусунун Мыкан айылындагы мектептин салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөп, президент айылдыктарды мектептин жаңы имаратынын ачылышы менен куттуктады. Мамлекет башчысы региондордо билим берүү мекемелеринин курулушуна, эски мектептердин капиталдык оңдоодон өткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл буруларын айтты.

Президент Садыр Жапаров бул мектептин пайдубалын түптөөгө катышканын эске салды. «Мына эми 9 айдын ичинде курулуп, ишке берилип жатканы баарыбызды кубандырып жатат. Себеби ар бир жаңы мектеп — мамлекетибиздин жаркын келечегине жана өнүгүүгө карай ачылган даңгыр жол!», — деди ал.