Садыр Жапаров Нарындагы жаңыланган «Торугарт-2» көзөмөл-өткөрүү пунктун ачты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-декабрда Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы жаңыланган «Торугарт 2» көзөмөл-өткөрүү пунктун ачты.

Мамлекет башчысына “Торугарт-1” жана “Торугарт-2” деп аталган өткөрүү пункту 1993-жылы курулган, ошол жылы курулган үчүн “Торугарт-2” 2010-2018-жылдар мезгилинде Кытайдын колдоосу менен курулганы боюнча маалымат берилди. Бүгүнкү күндө бул көзөмөл-өткөрүү пунктуна кириш өтө чукул, объекттер ыңгайсыз жайгашкан, машина токтотуучу жайлар дээрлик каралган эмес. «Торугарт-2» комплекси реконструкциялоого муктаж болчу. Көзөмөл-өткөрмө бекетинде орнотулган техникалык жабдуу азыркы түзүлгөн кырдаалга туура келбей турганы, анткени иштеп жаткан текшерүү комплексинин кубаттуулугу саатына 20-25 автоунааны өткөрө алат, бирок «Торугарт» шартында саатына 15тен ашык унааны текшерүү мүмкүн эмес экени белгиленди.

«Торугарттын» долбоордук кубаттуулугу — суткасына 150 машина. Бүгүнкү күндө аталган көзөмөл-өткөрмө пункт аркылуу күн сайын 300дөн ашуун унаа өтөт. Бүгүнкү күндө «Торугарт-2» комплексинин административдик имараты реконструкцияланып, алты кыймыл тилкеси орнотулуп, жабык, жылууланган ангарлар орнотулуп, бир эле учурда алты транспорт каражатына карата бажы көзөмөлү жүргүзүлүшү мүмкүн.