«Негизи өнүккөн мамлекеттерде кримдүйнө деген түшүнүк жок». Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.
«Ошол үчүн өнүгүп жатышат. Албетте криминалдык чөйрө мамлекеттин эле эмес, жарандардын, инвесторлордун да ишмердигине терс таасир этет. Каракчылык заманды унутуш керек. Азыр эшикте 21-кылым. Баары мыйзам чегинде болуш керек. Кимдир бирөөнү бирөө каракчылык кылса, сөзсүз түрдө күч органдарына кайрылыш керек. Биз тез убакытта өнүккөн мамлекетти курушубуз керек. Ансыз деле алыс барбай эле коелу, кошуна мамлекеттерден бир канча жылга артта калып калыптырбыз», — деди ал.











