Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-сентябрда Нью-Йорк шаарына БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн барды.
Сапардын алкагында, мамлекет башчысы БУУнун саммитинин ишине Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча саммиттин Лидерлеринин диалогуна катышат, БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт, ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары жана Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байдендин биринчи саммитине катышат. Мындан тышкары, Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен, БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында чет мамлекеттердин жана эл аралык финансы институттарынын башчылары менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы элчиси Бактыбек Аманбаев;
— президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов;
— жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;
— саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;
— экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
— юстиция министри Аяз Баетов;
— Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева.
— Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева.