Садыр Жапаров: «Ойлорун көчөдө же интернетте айта беришсин. Эч ким тыйбайт»

«Кыргызстанда сөз эркиндигин чектей албайсың. Ага эл жол бербейт. Кыргыз эли илгертен сөз эркиндиги менен жашап келген эл. Мындан ары да сөз эркиндиги менен жашай берет». Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров «Кабарга» берген маегинде билдирди.

— Сөз эркиндиги жок дегендер – “сөз эркиндиги” деген терминге жамынып алып, каалаганын кылып келгендер, сөз эркиндигине жамынып алып өлкөгө бүлүк салууну пландап жүргөн “лжемекенчилдер”. Биз өлкөгө бүлүк салгысы келген андай арам ойлууларга жол бербейбиз. “Сөз эркиндиги” деген терминге жамынып алып биздин менталитетибизге, салтыбызга, табиятыбызга туура келбеген үгүт иштерин жүргүзүп, элди бузуп жатышат. Жалган маалымат таратып, кимдир бирөөлөрдүн аброюна шек келтирген учурлар болуп жатат.

Элдин баары аларды көрүп-билип эле турат. Эгер бийлик сөз эркиндигине каршы адилетсиз кадамдарга барсак, эбак эле эл көтөрүлүп кетмек.

Ал эми чыныгы сөз эркиндигин колдонуп, бийликти сындап, бийликте олтурган коррупционерлердин бетин ачып, кемчиликтерди айтып тургусу келген жарандарыбыздын жөнү башка. Алардан бизге бир гана пайда келет. Андай жардам бергиси келген жарандарыбыз интернет аркылуу, же Бишкектеги М.Горький аянтында каалашынча айтып, кайрылуу кыла беришсин.

Уятсыз, мыйзам бузган чиновниктердин бетин ачканга салым кошкон болушат. Андайлардан дароо тазаланганга бизге жардам берген болушат.

Бизде ким эмнени кааласа сүйлөп атат го, сүйлөй беришсин. Ойлорун көчөгө чыгып айтабы, же интернеттен айтабы, айта беришсин. Эч ким тыйбайт. Биз мамлекет катары өлкөгө тартипти, мыйзамдуулукту орнотуп, адамдардын бири-бирин сыйлай билүүсүнүн эрежесин түзүп кетишибиз керек.

Буга чейин өлкөдө башаламандык болуп келген. Мындан ары бардык тармактарды ирээтке келтиребиз. Албетте, убакыт керек. Бардык тармакты бир күндө же бир жылда жолго кое албайсың.