Садыр Жапаров ӨКМге, Саламаттыкты сактоо министрлигине жана мэрияга техникаларды тапшырды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Бишкек мэриясына жаңы адистештирилген техникаларды тапшыруу салтанатына катышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин муктаждыктары үчүн Кытайдын гранттык каражаттарынын негизинде келген 100 даана автотехника — 85 өрт өчүрүүчү унаалар, 10 авариялык-куткаруучу унаалар, 3 автотепкич жана 2 штаб үчүн унаалар тапшырылды. Бул техника өлкөнүн баардык аймактарына бөлүштүрүлүп берилет.

Саламаттыкты сактоо министрлиги үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 33 Тез жардам унаасы сатылып алынды, алар дагы өлкөнүн бардык аймактарына бөлүштүрүлөт. Мындан башка Бишкек шаарынын мэриясы республикалык бюджеттин эсебинен газ менен жүрүүчү 120 жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алды.

«Автоунаалардын санынын көбөйүшү борбор калаанын экологиясына дагы терс таасирин тийгизе баштаганы коңгуроо катары кагылып келет. Мына ушундай ордо калаанын калкын убайымга салган коомдук транспорт маселеси боюнча атайын тапшырма берилип, газ менен жүрүүчү 120 автобус сатып алынды. Жакынкы 2 жылда кошумча 1,5 миң автобус алынып, ошону менен шаардын керектөөсүн толук камсыздайт. Эң башкысы сатылып алынган автобустардын Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына ылайык, коопсуздук сертификаттары бар. Шаарыбыздын инфратүзүмүн жакшыртып, көрктөндүрүү иштерин арттыруу үчүн муниципалдык ишканаларга 13 даана адистештирилген техника сатылып алынганын кошумчалай кетейин. Өлкөнүн визиттик карточкасы болгон борбор калаабыздын келбетин жакшыртуу иштери дагы улантылат, үстүбүздөгү жылдын 1-кварталынын соңуна чейин дагы 64 даана техника сатып алабыз деп турабыз. Ажайып кооз жаратылышка ээ Кыргызстандын борбор калаасы дагы ошол керемет табиятка татыктуу болушу керек, биз бул багытта болгон күч- аракеттерибизди жумшайбыз”, — деди мамлекет башчысы.