Өкмөт отставкага кетти

Президенттин милдетин аткаруучу жана Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана премьер-министрдин ыйгарым укуктарын токтотуу» жөнүндөгү жарлыкка кол койду. Президенттик аппараттын бүгүн, 21-январдагы маалыматы боюнча, мындай жарлык БШК мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялагандан кийин чыгарылган.

Бул жарлыкка ылайык Садыр Жапаровдун премьер-министрлик ыйгарым укуктары токтотулуп, премьер-министрлик кызматтан бошотулду. Учурдагы өкмөттүн курамы да отставкага кетет. Бирок жаңы курам түзүлгөнгө чейин ар ким өз ордунда милдетин аткаруучу болот.

Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин премьер-министрдин милдетин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткарат.