Садыр Жапаров өкмөт башчынын милдетин инаугурациядан кийин расмий түрдө өткөрүп берет

Садыр Жапаров өкмөт башчынын милдетин инаугурациядан кийин расмий түрдө өткөрүп берет. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Бактыбек Рысалиев билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинетин Садыр Жапаров жетектебейт.

“БШК шайлоонун жыйынтыгын расмий түрдө жарыялаган соң инаугурация орун алып, Садыр Жапаров өкмөт башчылыкты өткөрүп берет. Ага чейин өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп Артём Новиков иштей берет”, — дейт ал.