Президент Садыр Жапаров окуучуларга ыраазычылык билдирди

Президент Садыр Жапаров окуучуларга эл аралык олимпиадаларга активдүү катышкандыгы, билим берүү чөйрөсүндөгү жогорку жетишкендиктери жана маанилүү эмгектери үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Окуучуларга президент Садыр Жапаровдун атынан ыраазычылык катын бүгүн, 26-августта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев тапшырды. Мамлекеттик катчы билим берүү тармагына мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бөлүнөрүн белгиледи. Абыкеев мамлекет башчысынын жана жеке өзүнүн атынан өз иштерине берилгендик менен конкреттүү жыйынтыктарга жетишип жаткан окуучуларга жана алардын окутуучуларына ыраазычылык билдирди. Катышуучуларга ал президенттин атынан эстеликке белектерди тапшырды.

Төмөндө сыйлык алган окуучулар: