Садыр Жапаров Олимпиада оюндарына катыша турган Кыргызстандын курама командасына мамлекеттик тууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда алдыда боло турган ХХХІІІ жайкы Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алган спортчулар менен жолугушуп, Кыргызстандын курама командасынын капитаны Акжол Махмудовго мамлекеттик тууну тапшырды.

Мамлекет башчысы олимпиадачылардын алдында сүйлөп жатып, Олимпиада — бул дүйнөлүк масштабдагы иш-чара экенин, дүйнөлүк спорт тарыхында абдан маанилүү орунду ээлерин белгиледи. Ошондуктан Олимпиадада ар бир өлкө жалаң алдыңкы орундарды багындырып, жеңиштерге жетүүгө жан үрөйт.

Садыр Жапаров эгемендик жылдар аралыгында өлкөбүз жалпы 7 Олимпиада медалын: 3 күмүш жана 4 коло жеңип алганын эске салды. Алардын баары жайкы Олимпиадаларда жетишилген ийгиликтер болгон. Сиднейде дзюдочу Айдын Смагулов коло медаль, Пекинде балбандар Канат Бегалиев күмүш, Руслан Түмөнбаев менен Базар Базаргуруев коло медалдарды жеңип алган. Жакынкы жылдары эле Токиодогу Олимпиадада Айсулуу Тыныбекова жана Акжол Махмудов күмүш медалдарды, Мээрим Жуманазарова болсо коло медалдарды жаркыратып тагынып келишкен.

Президент жакында боло турган жайкы Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгонун айтты. Мамлекет башчысы алардын басымдуу бөлүгү күрөш боюнча экенин баса белгиледи.  Күрөш — биздин олимпиадалык спорттун түрлөрүнүн ичинен негизги локомотиви болуп, Кыргызстан бүт дүйнөгө таанылып, даңазаланды.

“Бүгүн бул жерде үч жылдан бери кайрат-күчүн жыйып, талап кылынган тартипти катуу сактап, өжөрлөнө машыгып, акыры Кыргызстандын намысын коргоо укугуна ээ болгондор чогулуп отурушат. Дегеле соңку жылдары өлкөбүздө спорт жаатында күчтүү жаш муун өсүп келатат. Биздин спортчуларыбыздын келечеги али алдыда!” – деп белгилеп, Садыр Жапаров ары мекенчил, ары күчтүү, ары адептүү уул-кыздарды таптап, өстүрүп, дүйнөлүк майданга алып чыгып, Кыргызстандын атын таанытып жаткан жалпы машыктыруучулар жамаатына кесипкөйлүгү менен таланты үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент өз сөзүндө, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоодо бекем пайдубал болгон спорттун маанисин өлкө жетекчилиги абдан жакшы түшүнөрүн айта кетти.

“Мындан улам мамлекет тарабынан спортту өнүктүрүүгө чоң инвестициялар салынып жатат. Спортто жүрүп жаткан процесстер өлкөбүздүн жалпы өнүгүүсүнө бараандуу салым кошууда. Натыйжада жыл сайын спорттун бедели жогорулап, спортту жашоо мүнөзүнө айланткан тарапкерлер, ошону менен бирге күйөрмандар да көбөйүүдө. Бул – албетте, абдан жакшы көрүнүш! Биз мындан ары да дене тарбия жана спорт менен машыгууга бардык шарттарды түзүп берүүгө бүт аракетибизди жумшайбыз”, — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында Кыргызстан алтын медалга бир кадам жетпей калганын эске салды. Андан бери 3 жыл өттү. 3 жылдан бери Кыргызстан бардык тармактар боюнча өз мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти. Өлкөнүн саясий позициясы бекемделди, экономикалык мүмкүнчүлүктөр артты, жарандардын жашоо-шарттары жакшырууда. Курулуш боюнча ири долбоорлор өз күчүбүз менен жүзөгө ашырылып жатат, алардын арасында спорттук инфратүзүмдөр дагы бар.

“2021-жылы сиздер менен жолукканда биздин жалпы максатыбыз — 2024-жылдагы Париж Олимпиадасында биринчи орундарды камсыз кылуу, алтын медаль жеңүү деп айттым эле. Бул менин эле сөзүм эмес, элдин дагы суроо-талабы, үмүт-тилеги болгон. Мына ошол үмүт-тилектерди актоого мезгил келди деп ойлойм. Эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхындагы биринчи алтын медалын жеңип, Көз карандысыз Кыргызстандын 33 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата белек кыласыңар деп бекем ишенем”, — деп белгиледи президент.

Садыр Жапаров өз сөзүндө олимпиадалык алтын үчүн күрөш өтө курч болоорун, бирок биздин спортчуларыбыз кандай гана кыйын таймаштар болбосун тайсалдап калбаарын баса белгилеп өттү.

“Тескерисинче, мындай кыл чайнашкан учурлар спортчуларыбызды чыйралтып, ого бетер күчтүү, ого бетер намыстуу, ого бетер ишенимдүү кылып келген. Айкөл Манас баштаган бабаларыбыздын көк жалдыгын, көздөгөнүнө жете билген өжөрлүгүн Париждеги Олимпиада оюндарында көрсөтөсүңөр деп ишенем. Силер 7 миллион кыргызстандыктын ой-санаасында турасыңар, силерди жүз миңдеген мекендештериңер жеңиш менен күтөт”, — деп, мамлекет башчысы олимпиадачыларга дем-күч жана жеңишке болгон бекем эрк каалады.

Иш-чаранын аягында президент Садыр Жапаров улуттук курама команданын капитаны, атактуу балбан Акжол Махмудовго Кыргызстандын мамлекеттик желегин тапшырды.