Президент Садыр Жапаров кечээ, 26-июлда Париж шаарында (Франция Республикасы) XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышты.
Мамлекет башчысын жана биринчи айым Айгүл Жапарованы Елисей хан сарайында Франциянын президенти Эмманюэль Макрон менен биринчи айым Брижит Макрон тосуп алды.
Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи Сена дарыясында өттү. Париждин белгилүү жерлеринин жанынан 85 өлкөнүн делегациясы кайыктар менен сүзүп өтүштү. Салтанатка келген конокторго – чет өлкөлөрдүн лидерлери, чет өлкөлүк делегациялардын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын башчыларына Франциянын маданиятын чагылдырган көркөм өнөр тартуулашты. Оюндардын ачылышына 205 өлкөдөн 10 миңге жакын спортчу, ошондой эле жүздөн ашык мамлекет башчылары жана өкмөт мүчөлөрү катышты.
Кыргызстандын мамлекеттик желегин дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп өттү. Улуттук курама командада 16 спортчу бар, алар спорттун беш түрүндө – күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча катышат.
Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....
IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири — мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....
IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири - мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда жарлыкка кол койгону маалымдалды. Ага ылайык, Атамбаев Алмазбек Шаршенович төмөнкү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды:...