Садыр Жапаров «өлкө адам укугу боюнча дүйнөлүк рейтингде бир тепкичке ылдыйлады» деген пикир боюнча өз оюн айтты 

Садыр Жапаров «Кыргызстан адам укугу, сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде бир тепкичке ылдыйлады» деген пикир боюнча өз оюн айтты.

— Дүйнөлүк рейтингди ким түзөт? Дал ушул сөз эркиндигине жамынган бузукулар түзөт. Эгер биз алардын айткан шарттарын, биздин элибиздин табиятына туура келбеген бузуку саясатын кабыл алып, элибиздин арасына таратып, сиңирип турсак, анда биз адам укугу, сөз эркиндиги жаатында алдыңкы орунга чыкмакпыз. Бизге мамлекетти, элди моралдык жактан бара-бара талкалап жок кыла турган андай биринчиликтин кереги жок.