Садыр Жапаров аялдарга жана балдарга болуп жаткан зомбулук боюнча үн катты

«Аялдарга жана балдарга карата зомбулук бизде бар. Бул чектен чыккан көрүнүш. Кабыл алынгыс жагдай». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Курултайда сөз сүйлөп жатып билдирди.

«Ар бир адамдын кадыр-баркы мыйзам же мамлекет тарабынан эле эмес, башка жарандар тарабынан корголушу кажет. Эзелтеден эле энени, аялзатын урматтоо кыргыз элинин өзгөчөлүгү. Адилет коомду куруу ар бирибиздин максатыбыз. Коомдо оройлукка орун болбош керек. Айрыкча эже-карындаштарыбызды коргоо, урматтоо, ар бир наристеге кам көрүү, улуу муунга өзгөчө көнүл буруу керектигин белгилеп кетейин. Өлкөбүздө агрессияга эч кандай актоо жок. Болушу да мүмкүн эмес», — деди өлкө башчысы.