Садыр Жапаров: «Өлкөдө доллар менен өлчөнгөн 5-6 миллиардер, 200дөй миллионер бар»

Биздин өлкөдө доллар менен өлчөнгөн 5-6 миллиардер, 200дөй миллионерибиз бар. Көпчүлүгү акчаларын офшорлордо сакташат. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров «Кабарга» берген маегинде билдирди.

«Ошол үчүн легализация мыйзамын кабыл алып бергенбиз. Бирок бүгүнкү күнгө чейин акчаларын өлкөгө толук алып кирише элек. Жарым-жартысы алып келип, курулуш тармагына салып жаткандар бар.

Мен аларга “коркпой алып келгиле, жогоруда мен айткан долбоорлорго катышкыла” деп айтаар элем. Кечээ Чүйдөгү заводдун ачылышында айтканымдай, позиция-оппозиция деп бөлбөй экономикага, мамлекетке пайда алып келе турган долбоорлорго катыштырып, колдоого даярбыз. Ошол эле сындап жаткандар, журналисттер жол эле эмес, бардык тармактарга инвесторлорду таап келишсин, катышсын, алып иштетишсин», — деди ал.