Садыр Жапаров: «Өлкөнүн бюджети акыркы 3 жылда 2 эсе көбөйдү»

Бүгүн, 30-августта Чүй облусунун Кемин районундагы “Терек-Таш” клинкер заводунун ачылышында өлкө башчысы Садыр Жапаров сөз сүйлөдү.

«Азыр биздин экономикалык абалыбыз кыйла жакшырып калды десек болот. Буга БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттериш мырзанын берген баасы да күбө.

Кыргызстандын экономикалык өсүшү туруктуу өнүгүүнү көрсөтүүдө – ички дүң продукциянын орточо өсүү темпи акыркы үч жылда 7 пайыздан кем болгон жок. Ал эми 2024-жылдын январь айынан июль айына чейинки мезгилде экономиканын өсүү темпи 8,7 пайызга чейин чыгып, 677 миллиард сомду түздү.

Өлкөнүн бюджети олуттуу өсүштү көрсөтүп, акыркы үч жылда 2 эсе көбөйдү. 2020-жылы өлкөнүн консолидацияланган бюджети 247,7 миллиард сомду түзсө, 2023-жылы бюджеттин ресурстары 577,2 миллиард сомго жетти. 2024-жылдын соңуна чейин 650 миллиард сомдун чегинен өтөрүнө ишенем. Ошону менен бирге, өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүн узак мөөнөттө сакташ үчүн биз 2030-жылга ички дүң продукциябыздын көлөмүн 30 миллиард долларга жеткиребиз деген дымактуу максат коюп жатабыз», — деди ал.