Садыр Жапаров Орусияга бейформал жолугушууга барбайт

КМШ лидерлеринин Орусияда өтүүчү бейформал жолугушуусуна президент Садыр Жапаров барбайт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Иш графигине байланыштуу Садыр Жапаров Санкт-Петербургдагы КМШнын бейформал саммитине катышпайт. Орусиянын прзиденти Владимир Путиндин 70 жылдыгына байланыштуу президенттин куттуктоосун жеткирүү үчүн кыргыз тараптан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин 7-октябрда Путиндин 70 жашка толгонуна карата юбилейине постсоветтик өлкөлөрдүн башчылары чакырылары айтылган.