Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-февралда иш сапары менен Орусияга учуп кетти. Мамлекет башчысы Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча боло турган сапардын алкагында Казань шаарында өтүүчү «Келечек Оюндары» эл аралык мультиспорттук мелдештердин расмий ачылыш аземине катышат.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов.