Садыр Жапаров Орусияга кимдер менен кетти?

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда иш сапары менен Орусияга КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

— Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, Кыргызстандын КМШ иштери боюнча улуттук координатору Адылбек Касымалиев;

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Боконтаев;

— Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;

— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Кармышаков.