Жапаров Путин менен Сочиде жолугат

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-майда Сочиде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугат. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Бул тууралуу Орусия Федерациясынын башчысы ишеним грамоталарын тапшыруу аземинде билдиргени айтылды.

«Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери бекемделип жатат. Биз биргеликте евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө салым кошобуз. 24-майда Сочиде боло турган Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда ушул темалардын бардыгы боюнча мазмундуу баарлашабыз», — деди Путин.

Бүгүн, 18-майда президент Садыр Жапаровдун аралыктан иштөөгө өткөнү маалым болгон.