Президент Садыр Жапаров Пермь мамлекеттик университетинде адамдардын өлүмүнө алып келген окуяга байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге жана Орусия элине көңүл айтты.
«Мамлекеттик Пермь улуттук изилдөө университетиндеги куралдуу кол салуунун натыйжасында адам курмандыктары орун алган окуя тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын дилимден көңүл айтып, бул трагедияда жабыркагандардын бардыгына тез арада сакайышын каалайм», — деп айтылат мамлекет башчысынын теллеграммасында.
Кечээ, 20-сентябрда таң эрте жогоруда аталган окуу жайдын 18 жаштагы студенти ок чыгарган. Анын кесепетинен 8 адам көз жумган. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, 20га жакын адам ар кандай жараат алышкан.