Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-майда Ош жана Жалал-Абад шаарларында жаңы аэропортторду куруу долбоорлору менен таанышты. Ал жаңы аэропорттор курула турган жер тилкелерин көрүп чыкты.
Долбоорго ылайык, бул бардык эл аралык стандарттарга жана коопсуздук талаптарына жооп берген жаңы тилкелерде курулган толук кандуу аэропорттор болот. Тилкелерди кароонун жүрүшүндө Садыр Жапаров Ош жана Жалал-Абад шаарларында эски аэропорттордун ордуларындагы аймакты комплекстүү пайдалануу зарылдыгын белгиледи – заманбап турак жай кичирайондору курулат.
Иштеп жаткан “Ош” эл аралык аэропортунун аймагынын жалпы аянты 168 га жана иштеп жаткан “Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун аймагынын жалпы аянты 78,2 га түзөт. Бул аймактарда курулган көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлер жарандарга Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жеңилдетилген ипотека менен берилет.