Садыр Жапаров Ош шаарындагы аскер кызматкерлерине үйлөрдүн ачкычын тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда Ош шаарында  Коргоо министрлигинин жана Чек ара кызматынын аскер кызматчыларына батирлерди тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Садыр Жапаров аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн курулган 216 батир тапшырылып жатканын кошумчалады. «Бул иш-чара аскер кызматчыларынын, алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык статусун жана армиянын кадыр-баркын көтөрүүгө багытталган узак мөөнөттүү мамлекеттик программанын чакан гана бөлүгү экендигин белгилегим келет. Жаңы аскер шаарчаларын куруу, аскердик объектилердин жана шаарчалардын учурдагы инфраструктурасын жакшыртуу маселеси да абдан маанилүү. Каржылык кыйынчылыктарга карабастан, мамлекет Куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн күчүн чыңдоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт», — деди ал.

Жаңы батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземинде өзгөчөлөнгөн бир катар аскер кызматчылары президенттин энчилүү сааты менен сыйланып, аларга мамлекет башчысынын атынан ыраазычылык жарыяланды. Мындан сырткары, ал аталган турак жайдын айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүүгө президенттин резервдик фондунан бөлүнгөн 300 миң сомдук сертификатты тапшырды.