Садыр Жапаров: «Өз үйүн, мекенин коргоодон артык ардактуу жана ыйык милдет жок»

Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы Бужум аскер полигонуна келип, «Коопсуздук — 2021» жана «Калыптандыруу Түштүк — 2021» командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулардын жыйынтыктоочу фазасына күбө болду.

«Ушул күндөрү, терроризм менен экстремизм дүйнө жүзүнө коркунуч келтирип турганда, өз үйүн, Мекенин коргоодон артык ардактуу жана ыйык милдет жок экендигин Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтарынын, башка мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери далилдешти. Аны ийгиликтүү өткөрүлгөн „Коопсуздук-2021“ жана „Калыптандыруу Түштүк — 2021“ машыгуулары көрсөттү», — дейт өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы кол башчысы.

Садыр Жапаров машыгуунун катышуучуларынын алдында сөз сүйлөп, дүйнө жүзүндө конфликттик потенциал курчуп, эл аралык терроризмдин, экстремизмдин коркунучу күчөп, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук менен радикализмдин идеялары жайылуусу артып бара жатканын белгиледи.

Президенттин айтымында, Кыргыз Республикасында жүзөгө ашырылып жаткан прогрессивдүү кадамдарга, мамлекеттик бийлик системасын реформалоого жана коррупцияга каршы күрөшкө карабастан, ар кандай деструктивдүү күчтөр өлкөбүздүн улуттук кызыкчылыктарына зыян келтирип, кырдаалды курчутуу аракеттерин улантууда.

Мындай шартта мамлекет башчысы мамлекеттүүлүктү бекемдөө, коопсуздукка коркунуч туудурган көрүнүштөргө жана коркунучтарга жооп кайтаруу, өлкөбүздүн аймагында жана чек араларда конфликттик потенциалды төмөндөтүү боюнча кадамдарды ишке ашыруу маанилүү экендигин баса белгиледи.

«Жакынкы мезгилде Коргоо министрлигинин курамында Атайын операцияларга жооптуу күчтөр түзүлөт. Бул өз кезегинде, эл аралык терроризмге каршы натыйжалуу аракеттенүүгө мүмкүндүк берет», — дейт Башкы кол башчы. Мындан сырткары, ал ушул жылдын 1-апрелинен баштап өз мөөнөтүндөгү аскер кызматчылары үчүн азык-түлүк паёгунун көлөмү көбөйтүлүп, анын калориялуулугу жана ар түрдүүлүгү жогорулатылгандыгын белгиледи.

Андан ары ал Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлери үчүн капиталдык курулуш улантылып жатканын жана Ош шаарында ушул жылы 200дөн ашык аскер кызматчысы турак-жай менен камсыз болорун, ошондой эле аскер кызматчыларынын акчалай камсыздалышын азыркы талаптарга ылайык келтирүү үчүн алардын өлчөмүнө индексация жүргүзүү маселеси караларын кошумчалады.