Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министрин кабыл алды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-февралда, өлкөгө иш сапары менен келген Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловду кабыл алды. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашышты.Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек мамилелеринин жогорку деңгээлин жана 2020-жылы коронавирус пандемиясы маалында мамлекеттердин бири-бирине колдоо көрсөткөнүн белгиледи.  Ошондой эле өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өстүрүү боюнча жагымдуу шарттарды түзүү үчүн биргеликте иш алып барууга даяр экендигин билдирип, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевге саламын жолдоду.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосунда жакшы база түзүлүп, эки тараптуу алакаларды тереңдетүү үчүн бардык керектүү шарттар бар экенин белгиледи.  Жолугушуунун жүрүшүндө өзбек тарап Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин “Борбордук жана Түштүк Азия: аймактык өз ара байланыш. Кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр” деген аталыштагы эл аралык конференцияга чакыруусун жеткирди.