“Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, ушул жылдын январь айында башталган бул долбоорду мына декабрь айынын башында ишке берип жатабыз. Долбоордун алкагында жаңы жол гана салынбастан, Кара-Дарыяга 197 метрлик жана Жазы дарыясына 77 метрлик эки чоң көпүрө салынгандыгын баса белгилеп кетейин. Жергиликтүү калкка ыңгайлуу шарттар түзүлүп, айланма жолдо мал айдап өтүүсү жана ички айылдардын каттамы үчүн жолдун асты менен өтүүчү өтмөктөр дагы курулду”, — деди Садыр Жапаров.
Президент Өзгөн шаар ичин аралап өткөн бул жолдун азабынан жаралган тыгын маселесин 2022-2023-жылдардагы Элдик Курултайда да көтөрүлгөнүн эске салды. “2023-жылдын соңунда “Өзгөн шаарын айланып өтө турган автожол салуу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө” Жарлыгым чыккан. Эми мурунку жолдун шаар аралап өткөн бөлүгүн сыртка алып чыгуу менен Өзгөн шаарында тыгын азайып, шаар ичиндеги каттам жөнгө салынат деген ишеничтебиз. Буюрса, мындан ары жергиликтүү элдин убактысын алып, беймазага салып, ары-бери өтүүдө жол кырсыгы сындуу тобокелчиликтер жоюлат”, — деп мамлекет башчысы баса белгиледи.
Садыр Жапаров бул Өзгөн айланма жолу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк ыкмасы менен ишке ашырылган жол куруу тармагындагы биринчи долбоор экенин айтты. Ушундай эле ыкма менен бардык каалоочулар башка альтернативдүү, акы төлөп жүрө турчу жолдорду курууга катыша алышат. Президент өз сөзүндө жаңы жана пландаштырылып жаткан альтернативдүү жолдордун курулушу региондордун жол инфраструктурасын кыйла жакшыртары жөнүндө айтып берди. Негизги долбоорлордун катарында Суусамыр – Арал альтернативдүү жолу (115 чакырым), Алматы – Кемин – Ысык-Көл авто жолу (150 чакырым), Бишкек – Кемин айланма жолу (105 чакырым), Ош (35 чакырым), Ноокат (12 чакырым). Мындан башка дагы альтернативдүү жолдордун долбоорлору даярдалып жатат, алардын ичинде Токтогул суу сактагычынын ортосун кесип өтө турган жол салына турган болсо азыркы жол 80 чакырымга кыскартылат, дагы Төө-Ашууда азыркы туннелден миң метрге төмөнкү деңгээлде альтернативдүү туннелди куруу аркылуу жолдо жүрүү убактысын кыйла кыскартууну караган долбоор да бар. Бишкектен “Манас” аэропортуна жетиш үчүн Маевка, Озерное айылдары аркылуу өтө турган 27 чакырымдай альтернативдүү төлөнүүчү жол бар.
Садыр Жапаров жолдордун өзүн-өзү актоосу өтө узак мезгилге созуларын баса белгиледи. Бирок жол инфраструктурасын өнүктүрүү зарылдыгын эске алып, мамлекет эл аралык жана улуттук маанидеги жолдорду курууну улантууда. “Биз кошумча жолдорду салууну жеке жактарга берүүгө даярбыз. Эң биринчи кезекте ички инвесторлорубузга артыкчылык беребиз. Керек болсо өзүбүздүн ишкерлерге конкурсу жок, түз эле берүүгө макулбуз”, — деп, мамлекет башчысы акчаларды ушундай элге пайда алып келе турган долбоорлорго жатырым кылууга чакырды. Садыр Жапаров ички инвесторлор келбесе, же алар кайсыл бир долбоорлорду технологиялык же каржылык тоскоолдуктардан улам ишке ашыра албаса, анда сырттан келген инвесторлорго бергенге аргасыз болорун баса белгиледи.