Садыр Жапаров 2 кеңешчисин кайрадан дайындады

Букуев Медетбек Омошевич жана Койчиев Арслан Капайович президенттин кеңешчилери болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 7-майда президент Садыр Жапаров кайрадан кол койду.

Медетбек Букуев ушул жылдын январь айында, ал эми Арслан Койчиев февраль айында президенттин кеңешчиси болуп дайындалганы маалым болгон. Букуев юридикалык жогорку билимге ээ жана «Садыр Жапаровго эркиндик» кыймылынын активдүү мүчөсү катары таанымал. Соңку парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынын тизмесинин катарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон. Койчиевге келсек, ал журналист, продюсер жана тарыхчы.

Жогорудагы эки адамдан тышкары Садыр Жапаровдун дагы бир кеңешчиси бар. Ал Равшанбек Сабиров. Февраль айында кеңешчи болуп дайындалганга чейин октябрь айындагы окуялардан кийин өкмөттө вице-премьерликти аркалаган. Соңку парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынын тизмесинин алдыңкы ондугунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.