Садыр Жапаров: «Пакистандыктар — бул кеминде миң доллар калтырган туристтер»

«Пакистандыктар — бул кеминде миң доллар калтырган туристтер. Биз аларды кучак жайып тосуп алышыбыз керек». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда маалымат жыйында билдирди.

«Коронавирустун кесепетинен Дубайга жайында түз аба каттамдарынын көбү жабылып калган. Индия жана Пакистандан бизге Кыргызстан аркылуу учуу боюнча уруксат сурап кайрылышты. Бизден Дубайга рейстер бар эле. Ошол мезгилде уруксат берип, 10-15 миңдей адам Кыргызстан аркылуу учушту. Транзит болгон соң, алардын 5 күндөй убактысы болот, көлдө жана башка жерлерде жүрүштү. Кийин коронавирус боюнча абалга байланыштуу биз да жаптык, ал каттамдар токтоп калды. Алар — туристтер. Андай адамдардын келип-кетишинен коркпошубуз керек. Бир келген турист миң доллар таштаса, ошол 10 миңдей турист келип жатса, 2-3 ай ичинде 10 миллион доллар калды деген сөз. Эл-журтка кайрылат элем, биз аларды кучак жайып тосуп алышыбыз керек», — деди өлкө башчысы.