Садыр Жапаров парк дагы эки аскердик тик учак менен толукталганын билдирди

Өлкө башчысы Садыр Жапаров парк дагы эки аскердик тик учак менен толукталганын соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылы эки өлкөнүн президенттеринин жетишилген макулдашуусуна ылайык, Өзбекстан Кыргыз Республикасына кайтарымсыз гуманитардык жардам катары берген МИ-8МТВ тик учагын абадан коргонуу күч органынын адистери кабыл алган. Андан соң Кыргызстандын аскер тик учактар паркында дал ушундай тик учактардын бирин Өзбекстандын “Чирчик авиациялык оңдоп-түзөө заводу” мамлекеттик ишканасына толук капиталдык оңдоодон өткөрүүгө берилген.

Оңдоо иштерин гуманитардык негизде Өзбекстандын Коргоо министрлиги толугу менен моюнуна алган. Кечээ жакында эле Өзбекстандын тиешелүү түзүмдөру аталган тик учагыбыз толук оңдолуп бүткөнүн кабарлашкан. Биздин тармактык министрликтин адистери өткөрүп алып, “Чирчик-Ош”, “Ош-Бишкек” каттамы менен алып келип, тик учак толук кандуу өз ишин аткарууга даяр экенин билдиришти.

«Мунун баары, албетте, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин колдоосу жана көзөмөлү астында болду. Буга байланыштуу, ага терең ыраазычылыгымды билдирем. Ошентип, Кыргызстандын аскердик тик учактар паркы дагы эки тик учак менен толукталды», — деп жазылат билдирүүдө.