Шайлоону таза өткөрүү жаңы Кыргызстанды, жаңы маданиятты куруудагы негизги кадамдарыбыз болду. Ошентип, парламенттик шайлоо жаңы тартип, жаңы эрежелер, жаңы Конституция менен 28-ноябрда өткөрүлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жыйында билдирди.
«Бул шайлоо да таза өттү. Чырдагандар ар бир бюллетенди кайрадан санап чыкты. Эч качан мындай болгон эмес. Шайлоо бүткөндө эле бюллетендер жок болчу да. Биз сактап койдук. Азыр да барып санасаңар болот», — деди ал.