Жума, 20.06.2025
Бишкек booked.net
+19...+30° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров парламенттик шайлоону таза өткөрүү боюнча жарлыкка кол койду

22:11 01.11.2021
0
Эрнис Ашырбаев менен Азамат Апсатаров президенттин жардамчылары болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров «2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Шайлоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык бардык шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилиндеги иши жарандарга шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоо максатында таасир этүүнүн ар кандай формаларын, ошондой эле тигил же бул талапкерди, партиялык тизмени эркин тандоосуна таасир тийгизүүнү болтурбоого багытталууга тийиш. Жарандарга таасир этүүнүн болгон формасын, шайлоолорго катышууга же катышпоого мажбурлоону жокко чыгаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып токтом кылынат:

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети, укук коргоо органдарынын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде:
    – мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн тиешелүү милдеттерди жана чектөөлөрдү белгилеген шайлоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын так сактасын;
    – Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, саясий партиялардын, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамда каралган эркин үгүт жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылсын;
    – аткаруу бийлигинин органдарынын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салсын;
    – талапкерлерге жана саясий партияларга мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына жеткиликтүүлүктүн бирдей шарттарын камсыз кылсын;
    – мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга кызмат ордунун же кызмат абалынын артыкчылыктарын кайсы бир талапкердин жана саясий партиянын пайдасына колдонууга тыюу салсын;
    – билим берүү мекемелеринин мугалимдерин жана окуучуларын, жогорку окуу жайларынын окутуучуларын жана студенттерин, социалдык камсыз кылуу органдарынын кызматкерлерин, медициналык мекемелердин персоналын, башка мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, калкты тейлеген мекемелер менен ишканалардын кызматкерлерин кандайдыр бир талапкердин жана саясий партиянын пайдасына шайлоо алдындагы үгүт иштерине тартууга тыюу салсын;
    – шайлоо алдындагы үгүт иштерине мыйзамсыз катышкан жана кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын талапкерлердин жана саясий партиялардын пайдасы үчүн колдонгон аткаруу бийлигинин органдарынын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана кызмат адамдарын, ведомстволук уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерин кечиктирбестен тартип жоопкерчилигине тартсын, ал эми зарыл болгон учурда ээлеген кызматынан бошотсун.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жарандардын шайлоо укуктарынын сакталышына, шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын жоболорунун аткарылышына катуу контролду жүргүзүү, алардын шайлоо комиссиялары тарабынан бир түрдүү колдонулушун камсыз кылуу, шайлоо жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча зарыл чараларды көрүү сунушталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде:

– шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын аткарылышына натыйжалуу прокурордук көзөмөлдү камсыз кылсын, ким тарабынан болбосун шайлоо жөнүндө мыйзамдарды бузуу фактыларын өз убагында табууга жана болтурбоого жетишсин;
– мыйзамдуулуктун бузулгандыгы жөнүндө арыздардын жана билдирүүлөрдүн келип түшкөн-түшпөгөнүнө карабай, дайыма көзөмөл жүргүзүп турсун;
– ар бир табылган шайлоо жөнүндө мыйзамдарды бузуунун фактысы боюнча мыйзамда белгиленген тартипте өз убагында прокурордук чараларды көрсүн;
– Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен тыгыз өз ара аракеттенип, жарандардын шайлоо укуктарын, шайлоо жөнүндө мыйзамдардын жоболорун бузган мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) шайлоочулардын, саясий партиялардын, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын арыздарын жана даттанууларын оперативдүү кароону камсыз кылсын;
– саясий экстремизмге, конституциялык түзүлүшкө кол салууга, расалык, этностор аралык, социалдык же диний жек көрүүчүлүктү козутууга, зомбулукту жана согушту пропагандалоого каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдардын аткарылышына прокурордук көзөмөлдү активдештирсин.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо процессинин катышуучуларынын бардык келип түшкөн арыздарын жана даттанууларын өз убагында кароону камсыз кылуу жана шайлоо талаштарын кароонун бирдей соттук практикасын аныктоо боюнча зарыл чараларды көрүү сунушталсын.

5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын катышуусунда шайлоо процессинин жүрүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан келген эл аралык байкоочулардын кеңири катышуусун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн жана аларга өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткаруусуна көмөк көрсөтсүн.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Министрлер кабинетинин төрагасы Тажикстанга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Тажикстанга барды

Автор Эдита Ильясова
17:41 04.06.2025
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстандын Душанбе шаарына жумуш сапары менен барды. Төраганын учагы Душанбе эл аралык аэропортуна конду. Аны...

Жапаров: «Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай Бакиевге карыз эмесмин»

Жапаров: «Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай Бакиевге карыз эмесмин»

Автор Эдита Ильясова
10:11 04.06.2025
1

3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясына карата, айрыкча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү коомчулукта түрдүү пикирлерди...

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камакка алынабы? Президенттин жообу

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камакка алынабы? Президенттин жообу

Автор Эдита Ильясова
10:00 04.06.2025
0

Өлкө башчысы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек берип, "Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камакка алынабы? Же сот чечими өзгөрүшү мүмкүнбү?" деген...

Жапаров: «Мурдагы президенттерди Дубайга чогулткандан кийин абал тынчыды»

Жапаров: «Мурдагы президенттерди Дубайга чогулткандан кийин абал тынчыды»

Автор Эдита Ильясова
09:53 04.06.2025
0

3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясына карата, айрыкча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү коомчулукта түрдүү пикирлерди...

Жапаров Атамбаевге чыгарылган соттун өкүмү боюнча: «Соттун чечимдерине баш ийгенди үйрөнүшүбүз керек»

Жапаров Атамбаевге чыгарылган соттун өкүмү боюнча: «Соттун чечимдерине баш ийгенди үйрөнүшүбүз керек»

Автор Эдита Ильясова
09:43 04.06.2025
0

3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясына карата, айрыкча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү коомчулукта түрдүү...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
АКШда ымыркай төрөлдү. Анын апасы 4 ай мурун каза болгон

АКШда ымыркай төрөлдү. Анын апасы 4 ай мурун каза болгон

09:54 19.06.2025
«Кызды алып кетебиз дешип». Базар-Коргондо атышуудан улам эки жаран камакка алынды

"Кызды алып кетебиз дешип". Базар-Коргондо атышуудан улам эки жаран камакка алынды

15:56 19.06.2025
Бишкекте көчөдө чачташкан аялдардын видеосу тарады

Бишкекте чачташкан аялдар милицияга жеткирилди

14:25 19.06.2025
20-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

20-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

18:01 19.06.2025
Бишкекте кылмыштуу топ кармалып, 78,6 килограмм баңгизат алынды

Бишкекте кылмыштуу топ кармалып, 78,6 килограмм баңгизат алынды

17:40 19.06.2025
«2 миң сомдон алышат». Депутат Дастан Бекешев унааны эвакуация кылууну токтотууну талап кылды

"2 миң сомдон алышат". Депутат Дастан Бекешев унааны эвакуация кылууну токтотууну талап кылды

17:05 19.06.2025

АРХИВ

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
« Май    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү