Садыр Жапаров: «Паспорт мафиясынан миллиарддар чөнтөккө түшөт экен»

«Кабар» өлкө башчысы Садыр Жапаровго бир катар суроо менен кайрылып, маек курду. Анда Кыргызстанда чыгарылып жаткан паспорт, акциздик маркалар, коррупциялык көрүнүштөр, Шамбесай кени, Апрель окуясынын катышуучуларына курулчу фабрика, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунунун курулушу тууралуу сөз болду.

— Жакында эле сиз социалдык тармактагы баракчаңыз аркылуу ID карт паспортторун акысыз алмаштыруу боюнча акция болорун билдирдиңиз. Муну Кыргызстан өз күчү менен паспортторду чыгарып баштаганы менен түшүндүрдүңүз. Белгилүү болгондой, мамлекет паспорттон башка дагы бир катар документтерди өзү чыгара баштады. Анын ичинде акциздик маркалар дагы бар. Ушул акциздик марканы чыгарып баштаганда буга чейинкисинин ортосундагы айырмачылык байкалаарлык болдубу?

— Биздин паспортторубуз эле эмес, башка документтерибиздин баары эле буга чейин башка өлкөлөрдөн жасалып келип турган. Жалпы жарандык паспортубуз бир өлкөдөн, ID картыбыз экинчи өлкөдөн, айдоочулук күбөлүгүбүз үчүнчү өлкөдөн, башка документтерибиз төртүнчү өлкөлөрдөн дегендей. Ушунун баарын көрүп-билгенден кийин эки жыл мурун дароо тапшырма бердим, кандай гана документтер болбосун, өзүбүздүн өлкөбүздөн чыксын деп. Албетте, караманча каршы чыккандар көп болду. «Биз өзүбүз чыгара албайбыз, бизден чыкса сапатсыз болот, бизден чыкса жасалма паспорттор көбөйүп кетет, бизден чыкса кымбатка түшөт» деген, жана башка толгон токой шылтоолорду айта башташты. Мен шашпай изилдеп көрдүм. Эч кандай кыйынчылыгы жок эле чыгарсак болоруна көзүм жетти. Көрсө, чет өлкөлөрдөн жасатып келчү паспорт жана башка документтердин мафиясы биздин өзүбүздүн эле майда чиновниктерден баштап, эң жогорку жетекчилерге чейин жетет экен. Миллион эмес, миллиарддар чөнтөккө түшөт экен. Ошондуктан бардык документтерди өзүбүздөн чыгаруу демилгесин өз колума алдым дагы, ишти баштадык.

Жыйынтыгын өзүңүздөр көрдүңүздөр, эң сапаттуу паспортторду чыгара баштадык. Биринчиден, тышка чыгып кетип жаткан миллиарддарды сактап калдык, экинчиден, ар бир паспорт өзүбүздүн көзөмөлүбүздө болот. Мурда башка өлкөлөрдөн чыгып жаткандыгына байланыштуу, канча паспорт чыгып канча адамга берилип жаткандыгын биз көзөмөлдөй албайт элек.

Акциздик маркалар боюнча дагы дал ушул паспорттор сыяктуу эле чоң мафия болуп келиптир. Миллиарддаган акчалар саналуу чиновниктердин, салыкчылар менен ушул тармакта иштеген бизнесмендердин чөнтөктөрүнө кетчү экен. Мына эми акциз маркасын да жолго койгонго жетиштик. Өзүбүздөн чыгарып баштадык. Мурда акциздик маркалар дагы чет өлкөлөрдөн жасалып келчү. Коргоочу элементтери таптакыр эле талапка жооп берчү эмес. Өзүбүздөн чыккан акциздин корголуучу элементтери күчтүү болгондуктан, эч ким жасалма кыла албайт. QR коду да болот. Тагыраагы, акцизден түшкөн киреше мындан ары кимдир бирөөлөрдүн эмес, толугу менен мамлекеттин чөнтөгүнө түшүп баштады. Айырмасы кандай экен дебейсиңерби? Эгер 2020-жылга чейин акциздик товарлардан болгону 5 миллиард сом тегерегинде түшчү экен. Азыр болсо жылдын аягына чейин 25 миллиард сом акча түшөрү күтүлүүдө. Бул деген сөз 2020-жылга чейин кыргызстандыктар спирт ичимдигин аз ичишчү, 2020-жылдан кийин көп ичип калды дегенди билдирбейт. Бул деген коррупциянын, уурулуктун жеткен чеги десек болот. Демек, ушунча миллиард сом айырма илгертен бери саналуу эле кишилердин чөнтөгүнө түшүп келген.