Президент: «Пенсия жана жөлөк пулдарды жогорулатуунун камын көрүп жатабыз»

Бүгүн, 31-августта Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чаралар өтүүдө. Анда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, кыргыз элин майрамы менен куттуктады.

«Финансылык ресурстарды туура колдонуу, кечиктирилгис жана чукул иш-чараларды жүзөгө ашыруу, болочок муундун жаркын келечегине эмитен кам көрүү максатында Стабилизациялык фонд түзүүгө даярданып жатабыз. Ал фондго эң аз дегенде 17 миллиард сом каражатты топтоо —  жакынкы максатыбыз. Пандемиянын кесепеттерин жеңилдетүү үчүн чакан жана орто бизнестерге финансылык көмөк көрсөтүүнүн пландарын иштеп чыктык. Чакан жана орто ишканаларга үстөгү/проценти жок финансылык көмөк көрсөтүү үчүн 6 миллиард сом (72 миллион доллар) бөлүштүрүлөт.

Андан сырткары, чакан жана орто бизнестерге коммерциялык банктардын кредит беришине шарт түзүү үчүн 24 миллион долларлык гарантиялык фонд түзүлөт. Мындан тышкары, көмүскө экономикадан чыгуу максатында кичи жана орточо бизнеске мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөйт. Бул эмнени билдирет? Маселен, 15 жумушчу орунун түзгөн ишкерлердин камсыздандыруу төгүмү 17 пайыздан 4 пайызга төмөндөтүлөт. Азыркы учурда тиешелүү жарлыктар жана Министрлер Кабинетинин чечимдери даярдалууда.

Салык жаатында чоң өзгөрүүлөр ишке ашырылат. Кыргызстан — ак иштеп, салыгыңды төлөп койсоң, бейкапар, тынч жашооңо эч ким кийлигишпеген өлкөгө айланууга тийиш. Өнүккөн өлкөлөрдө эзелтен ушул принцип уланып келет. Биздин алардан эмнебиз кем? Ошол себептен, Жаңы жылдан тартып салыктын азыркы түрлөрүн төлөө менен катар, салыкты бир эле жолу, бир эле түрүн төлөө мүмкүнчүлүгү берилет. Мурдагы бийликтердин учурундагы салык жана бажы тармагындагы жат көрүнүштөрдү жоюу, тоо-кен тармагын улуттук кызыкчылыктарга жараша иштетүү аркылуу быйылкы жылдын жети айында эле 12 миллиард сом кошумча резерв табууга жетиштик. Натыйжада, бюджетибизден коронавируска каршы дары-дармек, вакцина сатып алуу менен бирге, пенсияларды жана жөлөк пул жогорулатуунун камын көрүп жатабыз.

Өлкө башчысы жана аткаруу бийлигинин жетекчиси катары Кыргызстандагы ар бир жарандын жашоо шарты үчүн өзүмдү жоопкер, алардын алдында өтө милдеттүү сезем. Айрыкча, социалдык жактан коргоого муктаж үй-бүлөлөрдүн акыбалы кабыргамды кайыштырат. Азык-түлүк баалары көкөлөгөн азыркы заманда мен социалдык жактан коргоого муктаждардын көргөн күнүн, көйгөйүн күн-түн эсимден чыгарбай, көңүлүмдө түйүп келем. Аларды багып алуу менин милдетим. Кыргыз эч качан жетим-жесирин кор тутчу эмес! Орточо эсеп менен эки жүз миңдей үй-бүлө жакырчылыкта күн кечирүүдө. Мен алар үчүн жоопкермин. Ошондуктан, эң алды менен ошолордун жашоо шартын жеңилдетүүнүн жолдорун таптык.

Маселен, 2009-жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жөлөкпулдун көлөмү 4000 сомдон көтөрүлө элек экен, октябрдан баштап 6000 сомго, 2022-жылдан тартып 8000 сомго көтөрүлөт. Ал эми ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдардын социалдык жөлөкпулунун өлчөмүн 2022-жылдын 1-январынан тартып үч эсеге жогорулатуу каралып жатат. Кыскартып айтканда, социалдык колдоого муктаж жарандарыбыздын айрым категорияларына социалдык колдоо көрсөтүлүп, социалдык жөлөк пулдарынын өлчөмү 2021-жылдын 1-октябрынан 50 пайызга, 2022-жылдын 1-январынан 100 пайызга жогорулайт. Ошондой эле ушул жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү индексация болот», — деди өлкө башчысы.