Садыр Жапаров пенсия реформасы боюнча: «Жөн эле дүрбөй бербегиле»

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде пенсия реформасы тууралуу өз оюн айтты.

«Эми бул талкуу болуп жаткан эле маселе. Эдил мырзанын (ред. Эдил Байсалов) демилгеси экен. Акыркы мыйзамга мен кол коём да. Мыйзам жок азыр. Жөн эле дүрбөй бербегиле», — деди ал.

Буга чейин Социалдык фонд аялдардын пенсияга чыгуу курагын 60 жашка чейин көтөрүүнү сунуштаган.