Садыр Жапаров президенттик жарыштан четтетилбейт

Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ Садыр Жапаровду президенттик жарыштан четтетүү тууралуу арызды четке какты. Арыз менен башка талапкерлер Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев жана Бектур Асанов кайрылып, алар Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу катары шайлоого катышууга укугу жоктугун белгилешкен. Жапаров өкмөт башчылык кызматтан толук кетпегени да мыйзамды бузат дешкен.

БШКнын маалыматы боюнча, Садыр Жапаров 14-ноябрдан бери президенттин милдетин аткаруучулукту аркалабайт, премьер-министрлик кызматты орун басарына, 1-вице-премьерге Артем Новиковго өткөрүп берген.

Президенттик шайлоо 10-январда өтөт. БШК 18 адамды президенттикке талапкер кылып каттаган.