Садыр Жапаров президенттик мектептин курулушун 15-сентябрга чейин бүтүрүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда Чолпон-Ата шаарында таланттуу балдар үчүн президенттик мектептин курулушу менен таанышты.

Жалпы билим берүүчү мекеме 220 окуучулук орунга эсептелген. Мектеп бардык заманбап стандарттарга жооп берип, анда окуучулардын туруктуу жашоосу үчүн уктоочу бөлмөлөр, ар кандай окуу бөлүмдөрү үчүн залдар жана башкалар жайгаштырылары белгиленет. Курулуш Сочи жана Санкт-Петербургдагы орус мектептериндей жүргүзүлөт. Мектеп демөөрчүлүк каражаттарды тартуу менен курулат. Мектеп Саламаттыкты сактоо министрлигинин балансында турган курорттордун биринин аймагына курулуп жатат.

Президент Садыр Жапаров бул объектинин курулушун 2022-2023-жаңы окуу жылына чейин бүтүрүүнү тапшырды.