Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышпасын деген талап коюлду

Садыр Жапаров президенттик шайлоого катыша албайт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында анын атаандаштары Адахан Мадумаров, Канат Исаев жана жарыштан четтетилип калган Бектур Асанов айтып чыкты.

Исаевдин айтымында, Баш мыйзам президенттин милдетин аткаруучуга шайлоого катышууга тыюу салат. “Садыр Жапаров бул милдетти аткарып жатып, Башкы прокуратурага, УКМКга, президенттик аппаратка өз адамдарын алып келди. Мунун өзү башка талапкерлерге карата тең эмес шартты жаратат жана шайлоо процессинин бейтараптуу өтөрүнө шек туудурат. Биз БШКдан Садыр Жапаровду талапкер катары каттабашын талап кылабыз”, — деди Канат Исаев.

Аны Адахан Мадумаров да колдоду. Анын айтымында, талапкерлер жана коомдук ишмерлер тарабынан БШКга кайрылуу жөнөтүлдү. Садыр Жапаров отставкага расмий кеткен жок, болгону кызматын убактылуу токтотуп турду. Бул одоно мыйзам бузуу” дешти алар.

Бектур Асановдун билдиришинче, бардык талапкерлерге шарттар бирдей болушу керек. “Эгерде шайлоого мен катышпасам, анда Садыр Жапаров да катышпашы кажет деп айткам. Анын абалы меникине караганда оор. Жапаров кылган кылмышы үчүн түрмөдө отурган, а мен кылбаган кылмышым үчүн түрмөдө отургам”, — деди Бектур Асанов.

Ал эми жогорудагы пикирлерге карата Садыр Жапаров өзү же анын штабы азырынча жооп иретинде билдирүү жарыялай элек.

Дагы 5 күндөн кийин президенттикке аттанган талапкерлердин каттоо иши аягына чыгат. Президенттик шайлоо 10-январда өтөт.