Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата ГЭС-1 курулушунун башталышына старт берди. Ал башкаруу пультундагы кнопканы басып, андан кийин масштабдуу курулуштун башталышын билдирген жарылуу болду.
Учурда инфраструктуранын даярдалган бөлүгү (базалар, жолдор, карьерлер) бар, 500 кВ «Датка-Кемин» аба электр чубалгысы жакын жайгашкандыктан, Камбар-Ата-1 ГЭСи электр энергиясын бөлүштүрүү схемасы боюнча эң аз чыгымга ээ болот, республиканын калкын кыш мезгилинде энергия менен камсыздоо маселелери чечилет, келечекте өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн өсүшү канааттандырылат жана CASA-1000 долбоорунун алкагында экспорттук потенциал камсыз кылынат.
“Камбар-Ата ГЭС-1 куруу” долбоору Камбар-Ата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналат, ал бийиктиги 256 метр аска таш менен төшөлгөн, чоподон жасалган өзөгү менен курулган тосмонун жана орнотуу кубаттуулугу 1860 МВттык, көп жылдык энергия иштеп чыгуусу 5,6 миллиард кВт/саатты түзгөн, сыйымдуулугу 5,4 миллиард метр кубдук суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт.
Курулуштун мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга чейин. ГЭСтин биринчи гидроагрегатын ишке киргизүү — туруктуу каржылоо болгон шартта төрт жыл.