Садыр Жапаров Райым Матраимов менен жолукканын айтты. Эмне жөнүндө сөз болгон?

Митингдерге чыгабыз деген мындай билдирүүлөрдөн кийин соцтармакта буларды айтылуу Райым Матраимов каржылап жатат деген пикирлер көп айтылды. Бул боюнча өлкө башчысы комментарий берди.

— Райым Матраимов каржылап атат деген маалымат туура эмес го дейм. Бизде андай маалымат жок. Мен Райым Матраимовду бир эмес, эки жолу кабыл алгам.

Биринчисинде мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев экөөнү кабыл алгам. Ал жолугушууда Камчыбек Кыдыршаевич да болгон. Ошондо Көлбаевге «Эски заманыңарды унуткула. Элди, бизнесмендерди тонобогула. Криминалдар бири-бириңерди өлтүрбөгүлө. Саясатчылардын, инвесторлордун бир тал чачы түшпөсүн. Мындан ары тынч, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жашагыла» деп катуу эскерткем. Тилекке каршы, элди тоноосу токтободу. Базарларда майда-чүйдө бизнестерге чейин үлүшкө олтуруп алыптыр. Кээ бир бизнесмендердин мүлктөрүн тартып алган фактылар аныкталды.

Экинчисинде Райым Матраимовдун өзүн кабыл алып: «Эки миллиард төлөдүң, Эльдорадо соода борборуң, 10 батириң жана башка оокаттарың мамлекетке өттү. Эми мындан ары тынч өз оокатыңды кыл. Криминалдарга аралашпа, алар менен дос болбо» деп айткам. Тилекке каршы байланышын үзбөптүр да. Атайы кызматы анын криминал менен байланышкан иштерин таап чыгышты. Мурда эми өз эрки менен эки миллиард сом төлөгөндөн кийин деп, канча мүлкү бар экенин андан ары казган эмес. Бул жолу башкаларга каттап койгон мүлктөрүнүн баарын таап чыгышты. Мамлекеттин пайдасына өткөрүп атышат.