Садыр Жапаров Ашхабадга барды. Аны кандай тосуп алышты? (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-июнда расмий иш сапары менен Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысынын учагы Ахшабад шаарындагы эл аралык аэропортко конуп, Садыр Жапаровду траптан Түркмөнстандын энергетика министри Чарымурад Пурчеков тосуп алды. Аэропортто Кыргызстан менен Түркмөнстандын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, Ардактуу кароол ротасы тизилген.

Расмий сапардын алкагында Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар иш-чараларга катышат.