Президент Садыр Жапаров Берлинге расмий сапар менен барды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Мамлекет башчысынын борту Берлин шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Учактан түшө беришинде килем төшөлүп, Ардак кароолдун ротасы тизилди. Президент Садыр Жапаровду Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Протокол жетекчисинин орун басары Фолькер Тиммерман жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Расмий сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Федералдык Канцлер Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган. Тараптар кыргыз-герман эки тараптуу кызматташтыгынын бүткүл комплексин жана аларды өнүктүрүү келечегин талкуулашат, ошондой эле аймактык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алмашат. Мындан тышкары, мамлекет башчысы германиялык бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт. Кечээ, 25-ноябрда Садыр Жапаровдун Австрияга болгон расмий сапары аяктаган.