Президент Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганга биринчи даражадагы “Манас” орденин тапшырды.
Бул сыйлык Режеп Тайып Эрдоганга Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, эки элдин биримдигин жана достугун чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн ыйгарылды.
Аны тапшыруу аземинде Садыр Жапаров кыргыз элинин терең ыраазычылыгын билдирген Кыргыз Республикасынын жогорку мамлекеттик сыйлыгын ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө көмөктөшкөн жеке аракети, жетекчи катары көрөгөчтүгү жана эл аралык иштердеги чебердиги үчүн Түркия президентине тапшыруу ал үчүн чоң сыймык экенин баса белгиледи.