Президент «Мыкты мугалим», «Мыкты тарбиячы» сынактары мурдатан эле жарыяланып келе жаткан болсо дагы, өлкөдө таланттуу педагогдорду колдоо жана сыйлоо, алардын билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымы татыктуу бааланышы үчүн мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүү максатында «Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн ар жылдык республикалык конкурс өткөрүү жөнүндө» атайын Жарлык кабыл алынганын белгилей кетти. Мамлекет башчысы жакында эле болуп өткөн кейиштүү окуяга — бир окуучунун апасы мектеп мугалимин «баламды урушасың» деп тилдегенине капа болгонун айтты. Ал 45 мүнөттүк сабак учурун ата-эне түгүл, ошол мектептин директору эле эмес, керек болсо министр дагы барып токтотууга укугу жок экенин баса белгиледи. Ал эми бул жосунсуз жорукта 45 мүнөт сабак токтогону аз келгенсип, «мугалим» деген улук аттын кадыр-баркы тебеленип, ошол жерде мугалим болсом деген канча окуучунун ой-кыялы талкаланды. Садыр Жапаров мындай түркөйлүккө мектепте да, бала-бакчада да, керек болсо коомчулуктун кайсыл жеринде болбосун жол берилбеши керектигине токтолду.
Сөзүн аяктап жатып, президент Садыр Жапаров бардык мугалимдер менен тарбиячылардын баа жеткис эмгегин белгилеп, бүгүнкү сыйлыкка алып келген терең билим жана бай тажрыйба ушул мектептерде же бала бакчаларда гана калбашы керектигин белгиледи. Башка мугалимдер жана тарбиячылар менен педагогикалык чеберчиликти бөлүшүү маанилүү.