Кечээ, 18-январда президент Садыр Жапаров Салык кодексине кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Салык кодекси Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алынган. Салык кодексинин максаты болуп салык системасынын туруктуулугун камсыздоо, салыктарды администрациялоону оптималдаштыруу, салыктык жол-жоболорду санариптештирүү, ишкердик иштерди жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу саналат.
Кодекс менен салык салууга карата 2 негизги ыкма каралган:
— пайдага салык, сатуу салыгы, кошумча нарк салыгы (КНС) сыяктуу негизги салыктар каралган жалпы салык режими. Жалпы салык режимин жүгүртүүсү 30 миллион сомдон жогорку болгон ири бизнес субъекттери тарабынан колдонулат.
— бирдиктүү салыктын негизинде жеңилдетилген салык салуу системасы. Бул режим түшкөн акчанын көлөмү жыл ичинде 30 миллион сомдон ашпаган чакан жана орто ишкердик субъекттерине жайылтылат.
Мындан сырткары, Кодексте электрондук коммерцияга салык салуу 2 пайыз өлчөмүндө каралган. Ошондой эле, чет өлкөлүк компаниялардан КНС алуу ишке киргизилүүдө («GOOGLE» жана башка). Ишкердик иш-аракеттерди жүргүзүү шарттарын теңдештирүү жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында өндүрүш үчүн сатуудан алына турган салыктын ставкасы 1 пайыз өлчөмүндө каралган.
Кодекске ылайык жеңилдиктер мөөнөттүк негизде жана натыйжалуулугуна баа берүү менен берилет. Баа берилүүгө тийиш болгон салыктык жеңилдиктердин тизмеси, ошондой эле салыктык жеңилдиктеринин баалоо тартиби жана түрлөрү Министрлер кабинети тарабынан бекитилет. Ошону менен бирге Кодекс менен төмөнкү тармактар боюнча салыктык жеңилдиктер каралат:
— тигүү тармагы (5 жылга бирдиктүү салык — 0,25 пайыз өлчөмүндө);
— зергерлик тармагы (зер буюмдардын өндүрүүчүлөрүнө 5 жылга КНС боюнча жеңилдиктер);
— авиациялык тармак (убактылуу ташып келүүлөргө КНС боюнча жеңилдиктер);
— электробустарды КНС-тен бошотуу.
Экономикалык ишмердикти жүргүзүү үчүн аянтты ижарага берген субъект, анын ичинде базарларда (кичи-базарларда) жана соода борборлорунда (үйлөрдө) соода орундарын бергендер ижарачыларда ККМ болушу тууралуу талапты ижара келишиминде белгилөөгө милдеттүүлүгү каралган.
Мындан тышкары, сатылып алынган товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө берилген кассалык чектерде көрсөтүлгөн кыйыр салыктардын суммасын кайтарып берүү («cashback») каралган.
Салыктык карыздардын төлөнүшүнө дем берүү максатында негизги карызды жана туумдардын жана санкциялардын калган 50 пайыз толук төлөгөн учурда туумдарды жана санкцияларды 50 пайыз кыскартуу белгиленген.
Экспорттоочу ишканалар үчүн КНСти кайтарып берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн механизми киргизилген. Бул тартип 6 ай аралыгында 50 пайыз ашык көлөмүн экспортко чыгарган ишканаларга колдонулат.
Ошондой эле, Кодекс менен салыктык текшерүүнү «аралыктан контролдоо» жүргүзүү боюнча жаңы ыкмалар киргизилүүдө.
Бул механизм камералык жана көчмө салыктык текшерүүлөрдөн бошотууну, текшерилүүчү баштапкы документтердин санын кыскартууну жана реалдуу убакыт режиминде маалымат алмашууну карайт.
2009-жылдын 1-январынан ишке кирген Салык кодекси күчүн жоготту деп эсептелет.