Садыр Жапаров саммитке катышуу үчүн «Улут сарайына» барды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн «Улут сарайына» барды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмондун учурашуусунан соң, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчылары биргеликте сүрөткө түшүштү. Андан соң уюмга катышуучу-өлкөлөрдүн лидерлери күн тартибин тар чөйрөдө талкулоо үчүн жыйындар залына киришти.