Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-декабрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинине мүчө мамлекеттердин мамлекет башчыларынын салттуу бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына жумушчу сапары менен учуп кетти.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев;
— Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүльнара-Клара Самат.